Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Нарын

Айыл турмушу: Эчки-башылык тургундар өздөрүнүн үйүндө 6 жылдан бери кийим тигип иштешет (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылынын 4 тургуну 6 жылдан бери чакан бөлмөдө кийим тигип иштешет. Тигүүчүлөр менен аймактык кабарчы таанышты.

Айыл жергесинде жумушсуздуктан ар ким өз арбайын согууда. Алардын катарындагы аталган элеттик аялдар кийим тигүүчү цехтен аз да болсо тыйын таап, үйдөгү чай-чамектерине жаратып жаткан учурлары. Айыл ичинен жана Нарын шаарынан бери буйрутма алып иштеген тигүүчүлөр үйүнүн 1 чакан бөлмөсүндө иштешет. Эми алар тар бөлмөнү кеңейтип, жумуш орундарын түзсөк деген жакшы тилектери да бар.

«Тигүүчү цехтин ачылганына быйыл алтынчы жылга кетип бара жатат. Алгач бул демилгени 4 эже болуп көтөрүп чыгып, ачып алдык. Башында тигүү жолдорун көп деле билчү эмеспиз. Мындан улам тажрыйба алуу максатында Нарын шаарына барып, окуп үйрөндүк. Иштеп баштаганда эң биринчи эле шым тиккенбиз. Андан кийин майда-чүйдө бычылган кездемелер келген.

Элдин баары билип, көпчүлүгү бизге ар кандай кийимдерге буйрутма бере башташты. Окуучулар кароо-сынактарга барарда формаларын тигип беребиз. Түрдүү буйрутмаларды кабыл алабыз. Кирешеси өзүбүздүн кыймылга жараша болот. Азыркы учурда Нарындан бычылган кездемелерди алып келип жатабыз.

Ар бирибиздин машинабыз бар. Алдыда ушул цехти мындан да чоң цех кылып куруп, айылдагы жумушсуз келиндерди ишке тартсак деген ниеттерибиз бар», - деди тигүүчү Бактыгүл Өмүркүл кызы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 725
Көп окулду
×