Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Тоң айылында жаштардын футбол боюнча мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тоң айылында футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу мелдешти уюштуруучулардын бири Бакыт Жумалиев кабарлады.

Анын айтымында, 6 команда катышкан мелдеш жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында айылдын 1992-жылы туулган жигиттери тарабынан уюштурулду.

Жыйынтык:

- 1-орунду 1992-жылы туулган жигиттер;

- 2-орунду 1994-жылы туулган жигиттер;

- 3-орунду мектеп окуучуларынан турган команда ээледи.

Жеңишке жеткен командалар грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан тышкары «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» жана «Мыкты дарбазачы» деген наамдар өз ээлерине тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 497
Көп окулду
×