Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 13.07.2018 10:18

Кара-Суудагы жайыттарда 30га жакын мыйзамсыз курулуштар бар

Turmush -  Кара-Суу районунун жайыт комитетинин жерлеринде мыйзамсыз курулуштар жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу районундагы аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсупов кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, райондогу 5-6 айыл өкмөттөгү жайыт комитеттеринин жерлерине мыйзамсыз курулуштар курулуп жатканы аныкталган.

«Мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо үчүн жайыт комитеттери жерин өздөрү да көзөмөлдөшү керек. Учурда 5-6 айыл өкмөттөгү жайыт комитеттеринин жерлеринде 30га жакын мыйзамсыз курулуштар аныкталды. Азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чыкканда тиешелүү чараларды көрөбүз», - деди Р.Юсупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×