Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата веложүрүш старт алды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13-июлда Ысык-Көл облусунда залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата веложүрүш старт алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Каракол шаарынын Ч.Айтматов атындагы аянтында башталган иш-чарага жазуучунун карындашы Роза Айтматова да катышты. Анда катышуучуларга өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси У.Эсенгул уулу ийгилик каалады. Андан соң катышуучулар Жети-Өгүз районуна сапар алышты. Жүрүштүн катышуучулары Ч.Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов негиздеп, биринчи салынган үйдүн кышын койгон Кытай айылына келишти.

Веложүрүштүн катышуучуларын Ырдык айыл аймагынын башчысы А.Дыйкандаев жана айыл аксакалдары тосуп алышты. Айыл тургундары менен болгон жолугушууда Р.Айтматова атасы Төрөкул Айтматов негиздеп кеткен айыл, ошол 1926-жылдагы элдин жашоо-турмушу, Кытай уруусунун келип чыгышы тууралуу айтып берди. Айыл эли мындай жолугушуу алар үчүн кубанычтуу экенин белгилешти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 292
Көп окулду
×