Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычындагы коопсуздукка ӨКМ милдеттүү эмес, - министрликтин жообу

Turmush -  Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычы эс алуучу жай эмес, ал жерге адамдардын түшүүсүнө болбой тургандыктан коопсуздук маселесине ӨКМ жооптуу эмес. Бул тууралуу 13-июлда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМдин билдирүүсү:

1. Баткен районуна караштуу Төрт-Гүл суу сактагычы элдер чөмүлүүчү суу көлмөсү болуп эсептелинбейт. Ал суу сактагычка сууга түшүүгө тыюу салынат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде суу сактагычтагы бардык коопсуздук Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчисине жүктөлөт. Ал жерге адамдар үчүн сууга түшүү шарттарын түзүүгө жана адамдарды киргизүүгө болбойт.

3. Укук ченемдердин негизинде ал жердеги бардык коопсуздуктарга иштеткен адам жооп берет жана атайын суудан куткаруучу сертификаттуу адистерди ишке алып иштетет.

4. ӨКМден куткаруучулар кырсыктарда чакыруу болгондо жерине барып, суудан куткаруу жумуштарын жүргүзөт. Төрт-Гүл суу сактагычында мыйзамдын алкагында күнү-түнү ӨКМдин куткаруучулары күжүрмөн нөөмөттө турууга милдеттендирилген эмес.

5. 2017-жылы Төрт-Гүл суу сактагычында 1 жолу сууга чөгүү катталган. 4 жолу катталган деген маалымат туура эмес жана такталбаган маалымат.

6. Баткен облустук администрциясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын «Төрт-Гүлдүн айланасындагы чөмүлүүчү жайлардын коопсуздугу ӨКМге карайт» деп берген маалыматы чындыкка дал келбейт. ӨКМдин куткаруучулары кандайдыр бир өзгөчө кырдаал же кокустук катталган мезгилде ыкчам түрдө куткаруу жумуштарын аткарат.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 12-июлда Turmush басылмасында аба ырайынын ысышы менен Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычына эс алууга баргандар көбөйгөнүнө карабай ал жерде атайын куткаруучулар жок экендиги тууралуу маалымат жарыяланган.

Суу сактагычты иштеткен Наби Кайназаровдун айтымында, адамдар сууга түшкөн жерде эч кандай белгилер коюлган эмес жана куткаруучулар жок. Даараткана, чечинүүчү жайлар да салынган эмес.

«Мен бул жерди 30 жылдан бери иштетип келем. Мурда атайын суу сезонунда белгилер коюлуп, ӨКМден куткаруучулар бар эле. Азыр андай эмес. Көлгө келген ар бир адам өзүнө жоопкерчиликтүү болот. Биз бул жердин тазалыгын карайбыз, унааларга жай даярдап беребиз. Бул жактан адамдар чөгүп кете турган болсо ӨКМден куткаруучу чакырышат. Бирок чөгүп каза болгондор бар. Мисалы өткөн жылы 1 жуманын ичинде 4 адам сууга чөгүп көз жумду. Бизге белги койгула же куткаруучу кой деген деле эч ким жок», - деген ал.

Баткен шаардык мэриясынын алдындагы мунципалдык менчик департаментинин башчысы Акрам Акматов көл шаарга караганы менен коопсуздук маселеси аларга жүктөлгөн эместигин айткан.

«Буга чейин көлдүн айланасында белгилер, куткаруучулар, кайыктар бар эле. Азыр билбейм, эмнегедир жок. Бирок сезон учурунда болушу керек. Көл биздин аймакта болгону менен ал жердеги коопсуздукту карабайбыз», - деген Акматов.

Ал эми Баткен облусунун жетекчилигинин маалыматына караганда, көлгө келген эс алуучулардын коопсуздугу ӨКМге жүктөлгөн.

«Төрт-Гүлдүн айланасындагы чөмүлүүчү жайлардын коопсуздугу ӨКМге карайт. Атайын куткаруучу топтор болот. Эгер чөгүп кетсе же кооптуулук жаралса ошол топ куткарат», - деген облустук адмистрциянын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова.

ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын куткаруучу тобу ыкчам билдирүүлөр болгондо гана барыша тургандыгы белгилүү болгон.

«Бизде атайын куткаруучу топ бар. Аларга коооптуулук жаралган учурда, адам сууга чөгүп кеткен учурда ыкчам билдирүүлөр болот. Ошол учурда барып куткарышат. Ал эми ал жердеги белгилерди биз койбойбуз. Көл Баткен облустук суу чарба башкармалыгына карайт», - деген ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын башчысы Замир Сооров.

Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Мамашарип Султановдун айтымында, көлдүн түштүк тарабындагы эл чөмүлүүчү жай суу чарба башкармалыгына карабайт.

«Ооба, Төрт-Гүлдү биз карайбыз. Бирок элдер чөмүлүүчү жайлар бизге карабайт. Күн чыгыш тарабында жана батыш тарабында тосмолор бар. Ошолорду биз карайбыз. Биз «ошол эл чөмүлүүчү Ош—Баткен—Исфана жолу тарабындагы жайды бизге өткөрүп бергиле» деп көп жолу айттык. Бирок азыр бизде эмес», - деген Султанов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 651
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×