Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Кара-Кулжада 4 айылдын жаштары биригип, жолдорду оңдоп башташты (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагындагы 4 айылдын жаштары биригип, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүнү колго алышты. Буга чейин Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа, Ничке-Жылга, Айжике айылдарынын жаштары жана чет жактарда жүргөн эмгек мигранттары айылдагы көйгөйлүү маселелерди талкуулашкан.

Ал жыйында айтылган эң көйгөйлүү маселелердин бири — 50 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн Айжике жайлоосуна баруучу жолдун абалы эле. Бул жолго 100 автоунаа шагыл төгүлүп, оңдоо иштерине жаш мигранттардын эсебинен 80 миң сом каражат жумшалды.

Ал эми коңшу жайгашкан Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн эсебинен 40 сом акча каражатка жолго шагыл төгүлгөн.

Ошондой эле Конокбай-Талаа жана Тегерек-Саз айылынын чет жактарда эмгектенип жүргөн жашоочулары өз каражатынын эсебинен жайыттарды сактап калуу максатында 5 чакырым жерди зым торлор менен тосушкан. Мындан тышкары алар айыл өкмөттө мал кармоочу имарат курушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1405
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×