Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 18.07.2018 09:22 Жаңыланды: 18.07.2018 10:02 На русском

Мэрди шайлоо: «Ошту 2 жылда болуп көрбөгөндөй өзгөртөм»: Талапкер Т.Сарыбашов программасы менен тааныштырууда (видео)

Turmush -  Бүгүн, 18-июлда Ош шаардык кеңешинин депутаттары шаар мэрин шайлоо үчүн кезексиз сессияга чогулушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, сессияга Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын бардыгы катышууда. Учурда мэрликке талапкер Таалайбек Сарыбашов өзүнүн программасын тааныштырууда.

«Ош шаарын өнүктүрүүгө базар экономикасынан баштап туризм жана ишкерлерди колдоо жагын алдыга коюп жатабыз. Мындан сырткары шаардагы жол тыгынын жолдордун абалын жакшыртууга көңүл бурабыз. Эл аралык жолдорду дагы жөнгө салуу керек. Азыр шаарда наристелерибизин 30% гана бала бакча менен камсыз болуптур. Ушул жагын дагы колго алабыз. Ошту 2 жылда болуп көрбөгөндөй өзгөртүүгө аракет кылабыз. Сиздер колдоп берсеңиздер таза, ак иштеп берем», - деди талапкер.

Депутаттардын арасынан 3 адам шайлоонун жүрүшүнө комиссия катары шайланды. Бүгүнкү сессияга өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн өкүлү Шайлообек Козубаев, борбордук шайлоо комиссиясынын Ош шаары боюнча өкүлү, Ош шаарынын вице-мэрлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Таалайбек Сарыбашов буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал Ош облусунун жетекчиси кызматына Сооронбай Жээнбековдун ордуна келген болчу.


Андан кийин саат 10:45 чамасында Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп шайланды.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Абдижалил Муратовдун айтымында, Таалайбек Сарыбашов шаардын мэри кызматына жалгыз талапкер болгон. Бүгүнкү шайлоого шаардык кеңештин 45 депутатынын бардыгы катышты. Алардын 44ү талапкердин шайлануусуна «макул» добуш берсе, «каршы» 1 добуш берилди. Жараксыз бюлетендер чыккан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×