Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусу, Кара-Суу 18.07.2018 14:55 На русском

Фото — 17 жаштагы Нурэль Суранбаев «Мистер Кара-Суу-2018» сынагын жеңип алды

Turmush -  Кара-Суу шаарында алгачкы жолу «Мистер Кара-Суу - 2018» сынагы өтүп, баш байгени 17 жаштагы Нурэль Суранбаев багындырды. Бул тууралуу уюштуруучу Дилмурат Турсунбаев билдирди.

Анын айтымында, сынакка жалпы 8 жигит кастинг аркылуу тандалып алынган.

«Мындай сынак Кара-Суу шаарында алгачкы ирет өткөрүлдү. Сынакты биз Кара-Суу шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурдук. Ага 14 жаштан 24 жашка чейинки балдар катышты. Биз аларды таланттарына карап тандап алдык. Сынак саламдашуу, улуттук стиль, талантын көрсөтүү, кечки стиль болуп 4 баскыч менен өттү. Жыйынтыгында баш байгени, «Мистер Кара-Суу» номинациясын Нурэль Суранбаев ээ болду.

«1-вице-мистер» номинациясын Асадбек Назаров алса, «2-вице-мистер» номинациясына Нурлан Акыл уулу ээ болду. Мындан сырткары, ар бир катышуучуга «Мистер инстаграм», «Мистер подиум», «Мистер талант», «Көрүүчүлөрдүн купулундагы Мистер» номинациялары ыйгарылды», - деди Д.Турсунбаев.

Баш байгени алган мырзага таажы кийгизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×