Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Алайда фестивалга барган өспүрүм сууга чөгүп кетти (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Сары-Могол айылында 16 жаштагы бала сууга чөгүп кеткенин айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Нурмамат Саитов билдирген. Анын денесин бүгүн, 23-июлда саат 10:15 чамасында куткаруучулар таап, туугандарына беришкенин ӨКМ билдирди.

Н.Саитовдун айтымында кечээ, 22-июль күнү түшкө маал эки жигит Тулпар көлдүн айланасындагы чакан көлмөгө сууга түшкөнү барышкан.

«Кечээ биздин айыл өкмөттө туризм фестивалы өтүп жаткан. Айылдын 2 тургуну көлмөгө барып, сууга түшүптүр. Алардын бири экинчи жээкке сүзүп өткөн. Ал эми экинчи жигит суунун ортосуна жеткенде чөгүп кеткен. Аларды көргөндөр элге кабар берип, фестивалга келген 30га жакын турист жардам берүүгө аракет кылышты. Бирок баланы суудан алып чыга алышкан жок», - деди Н.Саитов.

Сууга чөккөн жигит Сары-Могол айылынын тургуну болгон.

Алай районундагы Сары-Могол айылына караштуу Тулпар-Көл көлү айылдан 20 чакырым күн чыгыш тарапта жайгашкан. Ал – зоонун астындагы ыйык көл.

Түндүк тарабында майда тоолор, башка бир тарабында чоң зоо бар. Бул жерге эл зыяратка жаз, жай, күз айларында барышат. Жайлоого чыккан учурларда алардын саны арбыйт. Кышкысын баргандар сейрек кездешет. Туристтик жүрүштөр көп болот.
Жергиликтүүлөр белгилегендей, ал көлгө эл түшпөйт. Болгону колу-бетин жууп, бата кылышат. Куран окушат, сыйлашат, тегерегине ыпылас нерсе жолотушпайт.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 873
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×