Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 23.07.2018 17:07 На русском

Бишкек—Ош жолунда жеңил унаа менен мотоцикл кагышып, 52 жаштагы аял каза болду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 22-июлда саат 21:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 610-чакырымында, тактап айтканда Өзгөн районунун Прогресс айылында жол кырсыктын кесепетинен 52 жаштагы аял киши көз жумду. Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, Өзгөн районунун 1975-жылы туулган тургуну М.А.нын башкаруусундагы «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа «Партнер Нефть» май куюучу станциясына кирип бара жатып, карама-каршы тилкедеги «Иж планета-5» үлгүсүндөгү мотоцикл менен кагышкан. Түндүктөн түштүккө карай бара жаткан мотоцикл аталган райондун 1964-жылы туулган тургуну Б.М.дин башкаруусунда болгон.

Кырсыктын кесепетинен мотоциклдин айдоочусу ооруканага жеткирилип, аны менен бирге келе жаткан жубайы — 1966-жылы туулган М.М. райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду.

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Өзгөн РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×