Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 24.07.2018 08:00 Жаңыланды: 24.07.2018 09:35 На русском

Өзгөндөгү унаа кырсыктан мотоциклдин 24 жаштагы айдоочусу каза болду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 23-июлда Өзгөн районунун Жазы айылындагы унаа кырсыктан 24 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, «Хендай Портер» унаасы менен мотоцикл кагышкан. Маркум мотоциклди башкарып бара жатканын Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

«23-июлда саат 14:00 чамасында Өзгөн районунун Жазы айыл аймагындагы Жаңы-Чек айылында жергиликтүү тургун — 1996-жылы туулган Т.А. "Хендай Портер" үлгүсүндөгү автоунаасын батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жаткан. Ал каршы багытта Өзгөн районунун тургуну — 1994-жылы туулган О.Д. башкарып бара жаткан мотоциклди сүзгөн. Анын кесепетинен мотоциклдин айдоочусу оор жаракат алып, ооруканада көз жумду. Ал эми жүргүнчүсү — Өзгөн районунун 1994-жылы туулган тургуну А.А. денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилди», - деп айтылат билдирүүдө.

Тактоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×