Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу 27.07.2018 20:10 Жаңыланды: 28.07.2018 10:12 На русском

8 кыз, 1 уулдун апасы М.Камчыбекова: Уулум төрөлгөндө ишенбей, алдап жатышат деп ойлогом

Turmush -  Ата-энесинин макулдашуусу менен 17 жашында турмуш курган Мөтөвар Камчыбекова 8 кыз, 1 уулдун апасы болду. Ал Арапбай Камчыбеков менен турмуш курганына 26 жыл болуп, үч кызын турмушка узатышып, небере көрүштү.

Ноокат районунун Кара-Кой жайлоосунда мал чарбачылык менен алектенген үй-бүлө ар бир баланын өзүнүн ырыскысы болот деп эсептешет. Ошондуктан бойдон алдыруу тууралуу ойлоруна келбегенин айтышат.

«Тун кызым 25 жашта. Калгандарынын аралыгы 2 жаштан. Боюмда болгон сайын уул болуп калса экен деп тиленчүмүн. Экинчи кызым төрөлгөндө медайымдар жолдошум төрөтканадан таарынып кетип калганын айтканда ыза болуп ыйлагам. Ошол кызым эркектердин жумушун аткарып, ат минип, атасынын оң колу болуп чоңойду. Кийинки кыздарым төрөлгөндө күйөөм тагдырга баш ийүүгө мажбур болду. Ичинен уул күтүп жүргөнүн сезип турчумун. Бирок кайнатам баласын “мен бир кызымды он эркек балага алмаштырбайм” деп урушуп, акылын айтып турчу», - деди баатыр эне.

Ал кийинкисинде жаңылып уул төрөйүн деп, төртүнчү кызына Жаңыл деген ысым ыйгарган.

«Бирок бешинчисин да кыз төрөдүм. Үйдө оңой эле төрөп алдым. Мени менен курдаш кайын сиңдим уул төрөп, алмаштыралы деп жалынган. Күйөөм да, өзүм да макул болбодук. Эмизип, мээримим түшүп калган эле. Ошол кызым Орусияда иштеп, бизге жардам берип жатат.

Кийин кош бойлуу убагымда УЗИге да түшпөй койгом. Төрөтканадан чыккан сайын маанайым жок, кубангандарды көрүп ыйлап чыкчу элем. Сегизинчи баламды УЗИден кыз дегенде ошол жерде ыйлап жибергем. Өзүмдү айыптуу, элден кем сезип жүрчүмүн.

Ал эми беш кыздан кийин уул төрөгөндө дарыгерлер уул десе да ишенбей, өзү туруп караган.

«Алтынчы перзентибизди кыйналып төрөдүм. Төрөттөн кийин уул дешсе, алдап жатышат деп ишенбей ыйлап жибергем. Кайнатам уулум эки айлыгында чоң улак тартыш уюштуруп, сүннөт тоюн өткөргөн эле. Бирок уулумду жалгыз деп эркелетпедик. Үй жумуштарын да аткарып, эжелери келсе төшөк салып, эстүү бала болуп чоңойду. Өзүм билим албай калгандыктан, кыздарымды жогорку окуу жайларда окутуп жатам», - деди Мөтөвар Камчыбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×