Жол көйгөйү: Маданият айылындагы эки көчө 2 жылдан бери асфальтталбай жатат, - жашоочулар (видео)
Turmush - Араван районундагы Алля Анаров айыл өкмөтүнүн Маданият айылындагы эки көчөгө 2 жылдан бери асфальт төшөлбөй жатат. Аталган көчөлөрдүн асфальты алынып, шагыл төгүлгөнүн жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.
Жашоочулардын бири Канат Зулимовдун айтымында, Нулла-Аман жана М.Калматов көчөлөрү казылган боюнча асфальтталбай калган.
«Биздин көчөдө буга чейин асфальт бар болчу. Жолдор бузула баштагандан улам 2 жыл мурун жаңыдан асфальттоо үчүн эски асфальтты казып, шагыл төгүшкөн. Ошол бойдон жол асфальттала элек. Айыл өкмөткө, райондук администрацияга чейин барып кайрылдык. Эч кандай жыйынтык болбой жатат», - деди ал.
Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы Жалалидин Нурбаев: «Маданият айылында быйыл 1 чакырым 800 метр жолго толугу менен асфальт төшөлөт. Биз өткөн жылы асфальттоо үчүн тендер жарыялаганбыз. Жергиликтүү бюджеттен 5 млн 950 миң сом каралган. Жолду асфальттоо 10 күн аралыгында башталат», - деди.