Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Сүрөт, видео — «Айыл оттору» маданият жана туризм фестивалы алгач Алайда башталды

Turmush -  Бүгүн, 25-июлда Алай районунун Гүлчө айылында «Айыл оттору» маданият, кол өнөрчүлүк жана туризм фестивалы өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы. Фестиваль Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага вице-премьер-министр Замир Аскаров, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Алай районунун акими Ильяз Ташкулов, 7 облустан келген акимдер, маданият бөлүмүнүн жетекчилери, 60дан ашуун эмгек сиңирген артисттер, айыл тургундары күбө болуп жатышат.

Фестивалдын негизги максаты — айыл жергесинен чыккан таланттарды табуу, аларга кам көрүү, элдик кол өнөрчүлөрдүн, усталардын, уздардын эмгектерин сырткы рынокко чыгарууга көмөктөшүү, улуттук маданий салттарды, өнөрлөрдү дүйнөлүк жаңы тажрыйбалар менен айкалыштыруу, айылдарды туристтик борборлорду ачуу болуп саналат. Ал эми мындай салтанат жыл сайын улантыла турганын министр Султан Жумагулов билдирди.

«Өлкөдө маданий, руханий кайра жаралуу пайда болду. Анкени айылдардагы клубдар бүлгүнгө учурады, маданият үйлөрүнүн көбү иштебей калды. Мындан улам маданият менен туризмди жандандыралы деп, фестивалды Алайдан баштап отурабыз. Учурда 7 облустагы маданият үйлөрүнүн, маданият бөлүмдөрүнүн башчылары келишкен. Алайды тандаганыбыздын себеби тарыхый дагы мааниси бар», - деди министр.

Вице-премьер-министр Замир Аскаров фестиваль кыргыз элинин каада-салтын, нарк-насилин жайылта турганын айтып, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин куттуктоосун да жолдоду.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Узарбек Жылкыбаев менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бул фестивалдын алкагында алгачкы иш сапарын Алай жергесинен баштады.

«Ротация болуп өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облусуна келди», - деди депутат Аида Касымалиева.

Ал эми Узарбек Жылкыбаев иш сапары Алай жеринде башталганына кубанганын билдирди.

«Мен жалпыңыздарга ийгилик каалайм. Элибизде ынтымак болсун. Ошко келүү мен үчүн чоң жоопкерчилик. Ааламга жол айылдан башталса, менин иш сапарым Алайдан башталып отурат», - деди У.Жылкыбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1003
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×