Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ноокат 25.07.2018 15:53 На русском

Ноокаттык тургунду бычактап өлтүргөн жигит 8 жылга кесилди

Turmush -  Ноокат райондук соту 17 жаштагы Ойбектин (аты өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-мартында саат 12:30 чамасында Ноокат шаарындагы ашканада айыпталуучу менен 1995-жылы туулган Кубандын (аты өзгөртүлдү) ортосунда уруш чыккан. Жаңжал учурунда Ойбек Кубанды бычак менен сайып жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканада каза болгон.

Жыйынтыгында сот Ойбекти 8 жылга эркинен ажыратты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×