Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Ноокатта 6 жаштагы бала мал сарайды 10 тонна чөп менен кошо өрттөдү

Turmush -  Ноокат районундагы Кара-Таш айылында мал сарай толугу менен күйүп кетти. Өрт кечээ, 28-июлда саат 17:00 чамасында тутанганын райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысы Равшан Бекматов кабарчыга билдирди.

Өрттү үй ээсинин 6 жаштагы небереси от менен ойноп жатып тутанткан.

«Өрттү элдин жардамы менен 77 мүнөттө өчүрө алдык. Кырсыктын кесепетинен 144 чарчы метр мал сарай, чатыры, жыгачтары толук күйүп кетти. Сарайдын үстүндөгү 10 тонна тоют чөп, 1 тонна тезек кошо күйгөн. Адамдар, мал-жандыктар жабыркаган жок», - деди Р.Бекматов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1235
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×