Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Айыл турмушу: М.Нышанованын үй-бүлөсү Алайга чет элдик туристтерди тартуунун жолун өздөштүрүштү (фото)

Turmush -  Алай районунун 60 жаштагы тургуну Максаткан Нышанова Алайдын тоолорун көрүү үчүн келген чет элдик туристтерди кабыл алууда. Элет жеринде туристтерге кызмат көрсөткөн үй-бүлө менен аймактык кабарчы таанышты.

М.Нышанованын айтымында, анын туристтерди кабыл алуусуна ортончу кызы Айнура түрткү болгон.

«Акыркы 5 жылдан бери туристтерди кабыл алабыз. Ага чейин биз дагы айылдагы башка үй-бүлөлөргө окшоп, чарба иштери менен алек болчубуз. 7 балам бар, алардын ичинен ортончу кызым Айнура жогорку окуу жайлардын биринде чет тилдер факультетин аяктап, Бишкек шаарындагы туристтик компанияда гид болуп иштеп жүргөн. Бир күнү Кореядан Кыргызстанга коноктор келип, кызым аларды Алай жергесинин сулуулугун көрсөтүп жүрүп, түшкү тамактануу учурунда конокторду үйгө чакырып, үйдөн сыйлап жөнөттүк.

Тамактанып отурган коноктор биз жашаган өрөөндүн табияты абдан кооз экенин, биздин үй жолдун жээгинде жайгашкандыктан келген туристтер үчүн ыңгайлуу экенин айтып, конок үйүн ачууну сунуш кылышты. Алар мындай конок үйлөр Алай району үчүн абдан зарыл экенин белгилешти.

Ошондон кийин жолдошум, кызым менен макулдашып, конок үйүн ачып, иштете баштадык. Кызым Айнура чет тилдерин мыкты өздөштүрүп, өзү да жол баштоочу болуп эмгектенгендиктен бизге бул ишти баштоо кыйын болгон жок. Алгач ишти баштаганда чет элдик туристтер көп келип башташты. Кийинки жылы үйүбүздү оңдоп-түзөп, жакшы шарттарды түзүп баштадык. Учурда бир сезондо 1,5 миңге жакын туристти кабыл алып жатабыз. Туристтерге көбүнчө улуттук тамак-аштарды жасап беребиз. Андан тышкары аларды каада-салт жана улуттук кийимдерибиз менен тааныштырабыз. Ушул сыяктуу түрдүү кызматтар көрсөтүлөт», - дейт ал.

М.Нышанованын айтымында, туристтердин саны көбөйгөндүктөн алар короосуна эки боз үй тигишкен.

«Кеч кирип, жатаар маалы келгенде айрым эс алуучулар төшөктү боз үйдүн ичине жана жерге салып берүүбүздү өтүнүшөт. Чет жактан келген эс алуучулар биздин маданият, үрп-адаттарбызга абдан кызыгышат. Кээде тамак жасап же башка жумуш менен алек болуп жатсам, мен да кылып көрөйүн деп кызыккан эс алуучулар четинен чыгат. Ошол учурда аларды жаныма отургузуп алып, барын ээрикпей үйрөтөм», - дейт ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 613
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×