Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуАраван району 30.07.2018 14:02

Араванда былтыр 5 өспүрүм кыз турмуш курган. Быйыл мындай факты жок

Turmush -  Араван районунда 2017-жылы жашы жете элек 5 кыз турмушка чыгып, алардын ичинен экөөнүн ата-энесине 100 миң сомдон айып салынган болчу. Быйыл райондо мындай окуя болгон жок, деп билдирди акимдин орун басары Музафар Мамасаитов.

«Азыркы учурда жашы жете элек кыздарды турмушка узатуунун мыйзамсыздыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Өткөн жылы 9-класста окуган 5 кыз турмушка чыкканы аныкталган. Мындайга жол берген ата-энелерине айып пул салынган болчу. Быйылкы жылы өспүрүмдөргө нике кыйган диний кызматкердер дагы камаларын эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди М.Мамасаитов.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1-беренесинин негизинде жашы жете элек адамга нике кыюуга жол берген адамдар 3 жылдан 5 жылга чейинки жазага тартылат. Алар: ата-энелер, никеге диний каада жасаган адам (молдо же чиркөө кызматкери, же башка конфессиянын диний кызматкери) жана өспүрүмгө үйлөнүп жаткан жаран.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×