Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 01.08.2018 20:25 На русском

Айыл турмушу: Жайы-кышы сууга жуунган акылдуу кептерлер Оштогу базарда 5 миң сомго чейин бааланат (сүрөт, видео)

Turmush -  Ош шаарындагы кептер, тоту куштар жана балык сатылган базар ар жуманын жекшемби күнү гана ачылат. Эс алуу күнү кептерчилер ар кайсы райондордон чогулуп, соода-сатык жүргүзүшөт.

Ош шаарынын 76 жаштагы тургуну Мамыржан Сайтхожоев кептерлерди бакканына 70 жылга жакын убакыт болду. Анын айтымында, кептерлер ээсинин өмүрүн тилеген акылдуу куш болот.

«Мен 7 жашымдан тартып кептер багып келем. Учурда үйдө 50дөн ашуун кептерим бар. Алар канаттуулардын ичинен адамга эң жакын болуп саналат. Илгери кептерлер кат ташып, катчынын кызматын аркалаган экен. Алар ысыкка дагы, суукка дагы чыдамдуу болуп, кышы-жайы сууга жуунуп турат. Кептерлерди жакшы карасаң 20-25 жылга жашайт. Маал-маалы менен дарылатып да турабыз. Мен кептерлерим ооруп калганда адамдар ичүүчү эле дары-дармектерди берип турам. Алар ээсинин өмүрүн суранган канаттуу деп да айтылып келет. Анткени кептерлерди кызыккан гана адамдар эс алуу үчүн багышат. Алардын ойногонун көрүп отурсаң кадимкидей эс алып каласың», - деди ал.

Ал эми базардан кептерлердин 10дөн ашуун түрүн байкоого болот.

«Учурда жергиликтүү, ташкенттик, бакин, бухаралык, россиялык, андижандык кептерлер бар. Алардын арасынан ташкенттик кептерлер эң кымбат. Алардын көздөрү чоң, тумшуктары кичине болуп, баасы 5 миң сомду түзөт.

Базарга Андижандан дагы кептерчилер келип, алары сатып, бизден да сатып алышат. Кептерлердин баасы 100 сомдон башталат», - деди М.Сайтхожоев.

Мамыржан мырза бир кептерин 7 жолу сатканын кошумчалады.

«Кептер баккан адамдар, кайтып келген кептерин кайра бербейт. Менин кептерлерим да Андижандан кайтып келген учурлар болгон. Бир жолу бир кептерди 7 жолу саткам. Булар кайсы жакта жүрсө да өзүнүн үйүн таап келишет», - деди ал.

Мындан сырткары базарга түрдүү тоту куштар, аквариумдагы балыктар дагы алынып келет. Ал эми Сагындык Шатманов аквариумдагы балыктарды 6 жылдан бери багып, сатыкка чыгарып турат.

«Азыр бизде меченосец, синий принц, черный принц, акула, скалярия балыктары бар. Ар бир балыктын өзүнүн кардарлары болот. Мен 6 жылдан бери бул тармакта эмгектенип келем», - деди С.Шатманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×