Араванда 15 жаштагы баланын асынып турган денеси табылды

Turmush - Араван районунда 15 жаштагы баланын денеси өзү жашаган үйдүн чатырында асынып турган жерден табылды. Бул маалыматты Ош ОИИБ тастыктап, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Аталган факты тууралуу милиция кызматкерлерине 27-июлда маалымат түшкөн.
«Баланын ата-энеси Россияда эмгектенишет экен. Ал 3 бир туугандын кичүүсү болгон. Эң улуу эжеси 25-июлда ата-энесинин жанына иштегени кеткен. Ал эми каза болгон бала экинчи эжеси менен бирге жашап жатышкан. Аларга кошуна жашаган чоң атасы балдардан кабар алып турчу.
Ошол күнү чоң атасы небересин үйдүн чатырына чыгарып, өрүк жайганга ылайыктуу орун караштыр деп жумшаган. Ошол бойдон баланы таппай калган чоң атасы анын эжесин издөөгө жөнөтүп, эжеси инисин үйдүн чатырында асылып турган абалда тапкан. Маркумдун денесинде зордук-зомбулуктун белгилери табылган жок», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.