Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 30.07.2018 18:34 На русском

Видео — Кара-Кулжада короого кирген эки аюу 67 баш койду чайнап өлтүрдү

Turmush -  Кара-Кулжа районунда короодогу 67 баш койго эки аюу кол салды. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук жайыт комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 22-июлда Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагындагы Октябрь айылына караштуу Беш-Терек жайлоосунда койчу Куштарбек Сабиржан уулунун короосуна 2 аюу кирип, 67 баш койду чайнап өлтүргөн. Койчу койлорун жеп жаткан аюуларды көрүп, коркконунан качып жөнөгөн. Ал жолдон чалынып кетип, колун сындырып алган жана эс-учун жоготкон.

Кийинчерээк бул окуя боюнча жергиликтүү бийлик жыйын өткөрүп, жайлоого аюу түшкөндүгү тууралуу элге толук маалымат берип, тиешелүү түзүмдөргө аюуларды жайлоодон алыстатуу тапшырмасы берилди.

Октябрь айылындагы аталган жайлоо Өзгөн районунун «Кара-Шоро» мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы менен чектешкен.

Кара-Шоро жаратылыш паркы — Өзгөн районунун аймагында 1996-жылы уюшулган. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы минералдуу булак чыккан, токой, шалбаа өсүмдүктөрү жакшы сакталган аймакты камтыйт. Аянты 845 га. Паркта Батыш Теңир-Тоо менен Памир-Алай тоо тармактарына мүнөздүү ажайып токойлор (карагай, жаңгак-жемиш, арча), бийик шалбаа өсүмдүктөрү, бадалдар жана алардын арасында ар түрдүү жаныбар бар. Ошондой эле, парктын аймагында Тянь-Шань күрөң аюулары байырлайт.

300d772cede44d6f079fca16ae851490_500_0_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×