Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 31.07.2018 09:31

Кара-Кулжадагы жайлоодо 67 баш койду чайнап өлтүргөн аюуларга байкоо иштери жүргүзүлө баштады

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы 67 баш койго кол салган аюуларды байкоо иштери жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу Өзгөн районундагы «Кара-Шоро» мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын директору Сардалбек Койлубаев билдирди.

Анын айтымында, жаратылыш паркында 3 аюу каттоого алынган. «Биздин корукта 3 аюу бар. Жыл сайын бирден же экиден гана койлорго кол салып, аары челектерди талкалап кетчү. Жылда кеч күздө элдердин малына тийчү. Быйыл мындай окуя эртерээк катталып жатат. Негизи аюулар адамдарга кол салбайт. Браконьерлер атып кол салса гана адамдарга асылат. Биздин кызматкерлер учурда аюуларга байкоо жүргүзө баштады. Биздин божомолубузда аюулар көбөйгөн. Төрт аюу болуп калган деп ойлоп жатабыз. Ар бир аюуга 300 чакырым жер туура келет.

Мындан сырткары биздин корукта кызыл китепке кирген жаныбарлардын башка түрлөрү дагы көп. Быйыл кийиктердин көбөйгөнү байкалууда», -деди ал.

«Кара-Шоро» жаратылыш паркына быйылкы жылы 67 боз үй тигилген. Жергиликтүүлөргө парктан отун алууга тыюу салынган.

Буга чейин Кара-Кулжа районунда короодогу 67 баш койго эки аюу кол салгандыгы маалымдалган.

Кара-Кулжа райондук жайыт комитетинен билдиришкендей, 22-июлда Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагындагы Октябрь айылына караштуу Беш-Терек жайлоосунда койчу Куштарбек Сабиржан уулунун короосуна 2 аюу кирип, 67 баш койду чайнап өлтүргөн. Койчу койлорун жеп жаткан аюуларды көрүп, коркконунан качып жөнөгөн. Ал жолдон чалынып кетип, колун сындырып алган жана эс-учун жоготкон.

Кийинчерээк бул окуя боюнча жергиликтүү бийлик жыйын өткөрүп, жайлоого аюу түшкөндүгү тууралуу элге толук маалымат берип, тиешелүү түзүмдөргө аюуларды жайлоодон алыстатуу тапшырмасы берилди.

Октябрь айылындагы аталган жайлоо Өзгөн районунун «Кара-Шоро» мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы менен чектешкен.

Кара-Шоро жаратылыш паркы — Өзгөн районунун аймагында 1996-жылы уюшулган. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы минералдуу булак чыккан, токой, шалбаа өсүмдүктөрү жакшы сакталган аймакты камтыйт. Аянты 845 га. Паркта Батыш Теңир-Тоо менен Памир-Алай тоо тармактарына мүнөздүү ажайып токойлор (карагай, жаңгак-жемиш, арча), бийик шалбаа өсүмдүктөрү, бадалдар жана алардын арасында ар түрдүү жаныбар бар. Ошондой эле, парктын аймагында Тянь-Шань күрөң аюулары байырлайт.

300d772cede44d6f079fca16ae851490_500_0_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×