Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуНоокат району 31.07.2018 11:38 На русском

Ноокатта ата-энеси арак ичкен 4 бала кароосуз калды

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат районунда ата-энеси арак ичкен 4 бала кароосуз калган. Бул тууралуу Ош облустук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Анара Усенова бүгүн, 31-июлда Ош шаарында өтүп жаткан жыйында билдирди.

Анын айтымында, ата-энеси ичип кеткен балдар мамлекеттик тиешелүү органдар тарабынан коргоого алынган.

«Ноокат районунда 4 баланын ата-энеси арак ичип кеткен. Балдар каралбай калган. Кийин алар балдар интернатына жайгаштырылды. Бирок аларга ошол бойдон кайрадан көңүл бурулбай калды», - деди ал.

Ушул эле жыйында Ош облусунда 2 миңден ашуун адамга жөлөк пул берилбей жатканы айтылды. А.Усенованын айтымында, жаңы төрөгөн энелердин арасында сүйүнчү пул албагандар көп.

«Азыркы учурда жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берилбей жатат. Учурда Ош облусу боюнча 2 миңден ашуун адам кезекте турат. Жөлөк пул албагандардын көпчүлүгү Ноокат районунда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×