Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 31.07.2018 15:06 На русском

Чаткалбай Райымбаев кайрадан Кыргыз-Өзбек университетинин ректору болуп шайланды

Turmush -  Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин жамааты бүгүн, 31-июлда ректорун шайлашты. Окуу жайдын маалыматы боюнча, ректорлук кызмат үчүн 4 талапкер ат сылышкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында көпчүлүк добушка аталган окуу жайдын мурдагы ректору Чаткалбай Райымбаев ээ болду. Ал мурун да 5 жылга ректор болуп шайланып, университетти башкаруу мөөнөтү мындан 1 ай мурда аяктаган болчу.

Кыргыз-Өзбек университети 1994-жылы түптөлгөн. Окуу жайда 10 миңге чукул студент билим алып, аларга 400гө чукул окутуучу билим берет. Окуу жайдан жогорку билим алуу үчүн кошуна Өзбекстан жана Тажикстандан келген студенттер дагы бар.

Жогорку окуу жайдын аталышы 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин Ош мамлекеттик социалдык университети деп өзгөртүлүп, 2017-жылы кайрадан мурунку аталышы берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×