Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 01.08.2018 09:15

Айыл турмушу: Бир тууган Эшатовдор Баш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү биринчи балык чарбаны негиздешти

Turmush -  Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Коргон айылында жашаган бир туугандар балык чарбасын негиздешти. Алар 3 чакан көлмө уюштуруп, учурда 40 кг балык өндүрүп жатышат.

Айыл өкмөттө буга чейин балык чарба болгон эмес, деп билдирди аны негиздөөчүлөрдүн бири Сейдалы Эшатов аймактык кабарчыга.

балык чарба

«Биз бир туугандарыбыз менен үлүш жерибизге бак тигип, эгин эгип дыйканчылык кылып келебиз. Быйыл өзгөчө иш баштоону туура көрүп, балык чарбаны колго алдык. Айыл өкмөттөн бош жаткан 50 соток жерди ижарага алып, балык чарбасын уюштурдук. Учурда 3 көлмөдө балыктын 4 түрү өстүрүлүп жатат.

Ушул жылдын март айында Өзгөн балык чарбасынан 40 кг майда балыктарды алып келгенбиз. Учурда балыктарыбыз 30 см болуп чоңоюп калышты. Буйруса күз айында 1 кг 230-250 сомдон сатыкка чыгаралы деп турабыз. Биз балыктарды багып гана сатабыз. Кыштын күнү балыктарды кармай албайбыз. Анткени көлмөлөрүбүз кыштын күнү тоңуп калат», - деди ал.

Ал эми Абдрашит Эшатовдун айтымында, балык чарбадагы балыктарга күнүнө 80 кг жем берилет.

«Бизде ак амур, карп, сазан, толстолобик деген балыктар бар. Күнүнө 80 кг жем беребиз. Балыктардын өзүнүн жеми базарда жок болгондуктан буудай менен жүгөрүнү майдалап берүүгө аргасыз болуп жатабыз. Балыкты өстүрүү деле татаал жумуш», - деди А.Эшатов.

балык

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×