Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 01.08.2018 15:18 Жаңыланды: 01.08.2018 18:20 На русском

Тарыхчы мугалим Чолпонбай Назарали уулу кыш чилдеде дарыяга кулаган 28 окуучуну куткарып калган

Turmush -  Чоң-Алай районунун Карамык айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебиндеги тарыхчы мугалим Чолпонбай Назарали уулу Шибээ дарыясына унаа менен кошо кулап түшкөн 28 окуучуну, мугалимдерди суудан алып чыккан. Бул кырсык мындан 19 жыл мурун кыштын чилдесинде болгон эле.

Куткаруу учурунда 2,5 саат муздак сууда калган Чолпонбай мырзанын бөйрөгүнө суук тийип, ошондон кийин 2-топтогу майып болуп калды. Бирок ушул күнгө чейин анын эмгеги бааланбай жатканын өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Чолпонбай Назарали уулу «1999-жылдын 25-январында кыштын кыраан чилдеси эле. Чоң-Алай районундагы мектептердин окуучулары арасындагы предметтик олимпиада райондун борбору Дароот-Коргондо өтө турган болгон. Ошол күнү Жекенди айыл өкмөтүндөгү Кыргызстан орто мектебинин окуучулары "ГАЗ 66" үлгүсүндөгү унаа менен келе жатканда кырсыкка кабылып, Шибээ дарыясындагы көпүрөдөн кулап түшкөн. Мен өз унаам менен аларга туш келип калдым. Карасам суунун ортосунда окуучулар, мугалимдер жашоо үчүн күрөшүп жатышыптыр. Талкаланган унаа, жарадар болуп, суукта катуу тоңгон окуучулар турат. Аларга токтоосуз жардам берүүнү ойлоп, дарыяда 2,5 саат жүрүп аларды куткарууга туура келди. Жарадарларды кыйналганына карабай бирден дарыядан көтөрүп чыктым. Эң кичүү окуучу дарыяга агып кетип, чоң дарыяга кошулаар алдында кармап калгам. Өзүм суукка тоңгонума карабай аларга жардам бергениме, аларды сактап калганыма сүйүнүп жатканда айылдаштар жардамга келгени мен үчүн аябай кубанычтуу болду. Бирок 2 баланы сактай албай, каза болгону мени өкүндүрбөй койгон жок.

Кыштын ызгаар суугунда 2,5 саат сууда калганым өзүмө да зыян болду. Ошол күндөн тартып бөйрөк оорусу менен жабыркап, гемодиализ аппаратына түшүп келем.

Жекенди айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңештин депутаттары Чоң-Алай районунун акимине сыйлоо боюнча сунуш жиберген. Бирок ошол убактагы аким бул ишти жаптырып салды. Мен кылган кызматымды милдет кылбайм, ал менин атуулдук парзым деп эсептейм. Бирок арадан 19 жыл өтсө дагы бир дагы жолу эстеп, менин эмгегимди мамлекет баалабаганы мени өкүндүрдү. Азыр 1 эле адамды суудан куткарса сыйлыктар берилип жатат. Мен 28 окуучуну куткарууга салым кошсом да эч ким маани бербеди», - деди мугалим.

Чолпонбай Назарали уулу Баткен окуясына дагы катышкан.

Мугалим (1)

«1999-жылы террордук баскынчылар Баткен, Чоң-Алай тараптан кирип келип, милициялар менен кошо жергиликтүү атуулдарды барымтага алып, тынч жаткан элге бүлүк салды. Айылга учактар бомба таштап, канчалаган бейкүнөө адамдар набыт болуп, качалаган адамдар жарадар болду. Эли-жерибизди коргоого райондук аскер комиссариаты тарабынан аскерде кызмат кылып келгендерди милдеттүү түрдө чакырган. Мен дагы эл катары 26-августтан 28-октябрга чейин генерал Мурзаалы Бөрүбаевдин карамагында кызмат кылгам», - деди Чолпонбай Назарали уулу.

Ал эми Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров бул тууралуу маалыматы жок экенин, ошол убактагы аким каза болгонун билдирди.

Ошондой эле Чолпонбай Назарали уулунун короосунан карагаттын 5 түрүн көрүүгө болот. Ысык-Көл облусунан алынып келген карагат шарты катаал, тоолуу аймакка да ыңгайлашып, учурда жакшы түшүм берип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×