Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Төлөйкөндүк ишкер 2 гектарга жакын жерге мыйзамсыз эс алуучу жай курган

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында жеке ишкер өзүнө тиешелүү 1,72 гектар жерине мыйзамсыз эс алуучу жай куруп алган. Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу райондук башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсуповдун айтымында, бул үчүн ишкерге айып салынды.

«Төлөйкөн айылындагы жеке ишкер өзүнө тиешелүү 1 гектар 72 соток жерине эс алуучу жай түптөгөн. Ошондой эле 6 соток үлүш жерине 1 кичи футбол аянтча, 2 бассейн жана ажаткана куруп алган», - деди Р.Юсупов.

Райондук экотехинспекциянын кызматкерлери жеринен текшерип, жаратылыш кыртышын бузганы үчүн жеке ишкерге 77 миң сом айып пул салышты. Ал эми топтолгон материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн Финансы полициясына берилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 793
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×