Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Оор кырдаалдан чыккан ноокаттык үй-бүлөнүн жашоосу: Учурда кожоюн 400 долларга чейин киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районундагы үй-бүлөдө 4 бала кароосуз калганы тууралуу маалыматка райондук мамлекеттик администрациясы билдирүү таратты.

4 бала кароосуз калганын Ош облустук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Анара Усенова кечээ, 31-июлда Ош шаарында өткөн жыйында билдирген болчу. «Балдар каралбай калган. Кийин алар балдар интернатына жайгаштырылды. Бирок аларга ошол бойдон кайрадан көңүл бурулбай калды», - деген А.Усенова.

Райондук администрациянын маалыматы боюнча, учурда бул үй-бүлөнүн улуу кызы 9-класстын базасы менен борбор калаадан билим алууну улантууну көздөп жатат.

«Аталган үй-бүлө тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна РИИБ тарабынан 2017-жылдын 23-октябрында кат келип түшкөн. Анда Ноокат шаарынын Эргешов көчөсүндөгү үйдө убактылуу ижарада жашап жаткан өспүрүм — 2002-жылы туулган Д.Алена мектепке барбай жатканы жана үйүнө келбей жүргөнү боюнча айтылган.

Андан кийин бул үй-бүлөнүн жашоо шарты тиешелүү мекемелердин кызматкерлеринин катышуусунда иликтенген. Андан сырткары ата-эне тарабынан жашы жете элек балдарына татыктуу тарбия берүүдө, билим алууда такай көзөмөл жүргүзүлбөгөнү жана ата-энелик милдеттерин так аткарбаганы аныкталган болчу.

Отурумдун жүрүшүндө суроо-жооптор болуп, комиссиянын мүчөлөрү Аленаны мындан ары татыктуу тарбия жана билим алуусу үчүн Үч-Коргон балдар үйүнө жайгаштырууну сунушташкан», - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Алена алар менен бирге 2006-жылы туулган Л.Вероника аттуу бөлөсү да жашап жатканын айткан. Анын айтымында, Вероника апасы 2013-жылдын ноябрь айында жол кырсыгынан каза болгондон кийин жалгыз калган. Алена ал бөлөсүн өзү менен кошо интернатка жайгаштырууну суранган болчу.

«Комиссиянын мүчөлөрү тиешелүү кызматтардан сунуш берилбесе дагы жашоо шарты оор болгондуктан Үч-Коргон балдар үйүнө Алена менен биргеликте Верониканы жайгаштыруу маселесин карашкан. Л.Верониканын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан күбөлүк берилип, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиянын токтому менен Үч-Коргон балдар интернатына жайгаштырылган. Учурда Д.Аленага Бишкек шаарындагы окуу жайлардын биринде 9-класстын базасы менен билим алуусуна көмөк көрсөтүү максатындагы иштер жүргүзүлүп жатат.

Ал эми райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү интернатка жайгаштырылган балдардан даталуу күндөрү жана жылына бир жолу кабар алып турушат.

Бүгүнкү күндө аталган үй-бүлө А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Төлөнөв көчөсүндө убактылуу жашап жатышат. Үйдүн ижара акысына 2 миң сом төлөшөт. Жашоо тиричилиги жакшы. Үй-бүлөнүн кожоюну Д.Константин утурумдук унаа оңдоо, ширетүү сыяктуу жумуштарды жасап, айына 20-30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын табат. Ал эми Д.Ирина үй кожойкеси, 2 баласына өздөрү тарбия берип жатышат», - деп айтылат Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын билдирүүсүндө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5203
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×