Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Ноокатта 24 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды

Turmush -  Ноокат районундагы турак үйдөн 24 жаштагы келиндин асынып турган денеси табылды. Бул маалыматты Ош ОИИБ тастыктап, окуя 2018-жылдын 25-июлунда болгонун маалымдашты.

Маркум А.А. 1994-жылы төрөлгөн. Милициянын маалыматы боюнча, анын жансыз денеси өзү жашап жаткан үйдөн табылды. Тергөөчүлөр алдын ала текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен маркумдун денесинде күч колдонулган белгилер жок экенин айтышкан.

Ал эми туугандары менен жолдошу денени соттук-медициналык экспертизадан текшертүүдөн баш тартышкан. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп, келиндин жолдошу, туугандары сурак берип жатышат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, келин өз өмүрүнө кол салган. Анын артында 2 баласы калды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1396
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×