Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 02.08.2018 13:18 Жаңыланды: 02.08.2018 13:36 На русском

Сүрөт — Ноокаттагы жол кырсыктан айдоочулардын бири каза болду, жабыркагандар бар

Turmush -  Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагындагы Катар-Терек айылында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык болду. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, эки унаанын кагышуусунан 59 жаштагы айдоочу каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын кичүүсү 8 жаштагы бала.

Окуя кечээ, 1-августта саат 14:15 чамасында Ош—Исфана эл аралык маанидеги автоунаа жолунун 41-чакырымында болду. «Тойота Превия» үлгүсүндөгү унааны Ноокат районунун 1961-жылы туулган тургуну А.Р. Ош шаарын көздөй башкарып бара жаткан. Ал Исфана багыты боюнча бараткан «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа каршы багытка чыкканда кагышкан. Экинчи унаанын айдоочусу — Ноокат районунун 1959-жылы туулган тургуну Г.Р. Ал оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумган.

Эки автоунаанын 3 жүргүнчүсү Ноокат аймактык ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Учурда аталган кырсык боюнча Ноокат РИИБдин кызматкерлери тиешелүү экспертизаларды дайындап, тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×