Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуНоокат району 02.08.2018 18:05 Жаңыланды: 02.08.2018 18:38

Элдик уламыш: Ыдырыс пайгамбардын учурунда Ноокаттагы Абшыр шаркыратмасынан суу ордуна сүт аккан (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Тораакыр тоосундагы Абшыр шаркыратмасына зыяратка келгендер көп. Аймактык кабарчы анын таржымалын сураштырды.

Ноокаттын Жал айылынын тургуну Абдижамил Таштемировдун айтымында, шаркыратманын суусу кайдан келери белгисиз. Анын суусуна кир жууса суу чыкпай калат.

«Ыдырыс пайгамбардын учурунда элди ачарчылык басып, жергиликтүүлөр пайгамбарга «касиетиңди көрсөт» дешет. Ошондо жараткандан суранып, ушул жерди көрсөтүптүр. Эл ушул шаркырап аккан сууну сүт азык кылып жашашканы айтылат. Бирок кийин аны туура эмес пайдалана баштаганда кайра сууга айланып калыптыр. Ошондон улам Абшыр деп айтылып калган. Абшыр деген сөз суу, сүт дегенди билдирет. Азыр да эл кир жууса бул шаркыратманын суусу токтоп калат. Унааларды жууса ак так калат да, аны кайра жуусаң да кетпейт. Ушул убакка чейин бул суу кайдан келери аныкталган эмес. Союз убагында сууну 40 чакырымга чейин изилдешкен. Бирок кайдан келгенин билишкен эмес.

Ушул эле тоонун боорунда булак бар. Мурда Котур-Булак дешчү. Тери ооруларына шыпаа болот. Азыр Шыпаа-Булак деп алышкан. Теридеги жараларга дабаа болот. Булактын да кайдан келери белгисиз. Азыр айланасын тосуп, таза карайбыз», - деди ал.

Ушул эле тоодо Ажы-Үңкүр деген үңкүр бар.

«Кайсы бир учурда бул айылдан бир карыя ажыга барууну самайт. Ал ушул тоого келгенде тоо экиге бөлүнүп, ажыга жол ачылган экен. Бул үңкүр тоонун жарылганындай болуп аягы жок болгон. Кийин союз учурунда бул жерди оңдойбуз деп куруучулар келгенде үңкүр басып, көпчүлүгү каза тапкан. Ошондон кийин эч ким келбей калган. Ата-бабаларыбыз бул жерди ошондон улам Ажы-Үңкүр деп аташыптыр. Азыр бул жерге келип зыярат кылуучулардын саны миңдеп саналат. Келип куран окутуп кетишет», - деди Таштемиров.

Тораакыр тоосу Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айылынын аймагында жайгашкан. Тоодо жаз айларынан тарта күзгө чейин зыяратчылардын саны үзүлбөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×