Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуНоокат району 03.08.2018 15:48

Көк-Белдеги 17 гектар жерге 9 миң көчөт отургузулду

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүндө жаратылыш кырсыктарды алдын алуу максатында 17 гектар жерге 9 миң көчөт тигилди. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жумагүл Төрөканованын айтымында, айыл өкмөттөгү Жалгыз-Тал жана Кызыл-Таш тилкелериндеги 17 гектар жайыт жер тосулган.

«БУУнун азык-түлүк программасынын колдоосу менен биргеликте иштедик. Жалпы 1 млн 585 миң сом сарпталды.

Биз жакта бак-дарактардын азайышынан жер көчкү кооптуулугу жаралган эле. Быйыл жер көчкүнүн, селдин алдын алуу максатында алманын, өрүктүн жана бадамдын жалпы 9 миң көчөтүн тиктик. Жалгыз-Тал тилкесиндеги 10 гектар жайыт жер, ал эми Кызыл-Таш тилкесинен 7 гектар жайыт жер тосулду», - деди Ж.Төрөканова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×