Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 03.08.2018 17:50 Жаңыланды: 06.08.2018 07:57 На русском

Сүрөт — Кореянын чемпионун машыктырган Айнура көркөм гимнастика менен 20 жашында коштошууга мажбур болду

Turmush -  Айнура Шершенбиева 8 жыл катары менен көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. Ал спорт жаатындагы ийгиликтери тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Учурда 25 жаштагы Айнура жогорку окуу жайдын студенти жана көркөм гимнастика мектебинин ээси.

Айнура көркөм гимнастикага кеч аралашканына карабастан 12 жашынан баштап 8 жыл бою чемпиондукту бербей келген. Казакстан, Россия, Өзбекстан, Италия, Түркия, Кытай жана Түштүк Африкадагы мелдештердин жеңүүчүсү болуп, ар бир мелдешин толкундануу менен өткөрдү. Ал эми мелдешке чейин бир күн бою тамак жебей, уктабай да калчу.

«Мен 10 жашымда көркөм гимнастикага келгем. Бул курак спортто өтө кеч деп эсептелет. Алгач өзүм үчүн гана машыгам деп ойлосом, кийинчерээк жөндөмүм жакшы болгондуктан жана көп машыгуунун натыйжасында Кыргызстандын чемпиондугуна чейин жете алдым. Менин мүнөзүм жеңилгенди билбейт. 11 жашымда биринчи жолу Кыргызстандын чемпиондугуна катышып, анда 5-орунду алганыма ыйлагам. Ошондо мен өзүмө кийинки жылы чемпион болом деп сөз берген элем. Бир жылдан кийин чемпион аталып, 8 жыл өлкөнүн чемпиону болдум», - деди Айнура.

Айнуранын ийгиликтеринде апасынын салымы чоң. Ал күндүз кызы үчүн эл аралык мелдештерге демөөрчү издесе, түнкүсүн анын кооз көйнөктөрүн тигип берчү.

«Апам байкем экөөбүздү жалгыз тарбиялады. Бизге эң жакшы жашоону тартуулады. Мен үчүн демөөрчү издеп, мекемелерге кат жазып, акча сурап жүрдү. Ошонун эсебинен мен көптөгөн мелдештерге чыктым», - деп кошумчалады.

Тилекке каршы мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо көрсөтүлбөй, Айнура спортту таштоого аргасыз болгон.

«Мен спорттон 20 жашымда кеттим. Бишкектеги спорт комитет бир жылда бир коңшу өлкөлөргө гана мелдешке жөнөтө алчу. Мен кесипкөй спортчу болуу үчүн ай сайын мелдештерге барып турушум керек эле. Бул чоң каражатты талап кылат. Мамлекеттен мага стипендия дагы берилген эмес, эч кандай колдоо дагы болгон жок. Ал эми башка машыктыруучулар "башкаларга дагы чемпион болууга мүмкүнчүлүк бер" деп айтып башташты. Ойлонуп көрүп, акыры юридикалык билим алууну чечтим», - деди Айнура.

Дайыма биринчиликте жүргөн Айнура спорттон четтегенден кийин депрессияга кабылган.

«Спорттон кеткен жыл мага өзгөчө оор болду. Коомдон өзүмдү көп издеп жүрдүм. Мен күн сайын залда болгондуктан досторум дагы жок эле. Мектептеги классташтарым эс алууга барып, ойноп жүргөн кезде мен машыгып жүргөм.

Спорттон кеткенден кийин жумуш издеп жүрсөм Кореяга жумушка чакырып калышты. Ал жакта 12 жаштагы кызды машыктырып жүрдүм. Мен машыктырган өспүрүм кыз Кореянын чемпиону болууга жетишкен. Бирок тил билбесең иштешүү кыйын экен.

Америкага дагы чакыруулар болуп, виза берилбегендиктен барбай калгам. Ал эми турмушка чыккандан кийин үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу Ош шаарына көчүп келдик. Башында көнө албай кыйналып, бирок төрт жылдан бери жашап жаткан Ош шаарынан азыр кетким келбейт.

Бул шаарда жаңы ачылган спорт комплекске мени чакырышкан. Ошондо 7 айлык балам менен жумушка чыктым. Эң негизгиси өзүм сүйгөн жумуш эле. Азыр Ош мамлекетик университетинде дене тарбия багытында билим алып жатам», - деди Айнура.

Айнуранын дагы бир ийгилиги көркөм гимнастика мектебин Ош шаарында алгачкылардан болуп ачты.

«Жакында эле окуучуларым менен Азербайжанда болгон мелдешке барып, 18 медаль алып кайттык. Менин окуучуларым Ош шаарынан биринчи жолу спорттун гимнастика түрү боюнча мелдештерге чыкты. Көркөм гимнастика мектебине жөндөмү бар кыздарды өзүм тандап, курама тайпага алам. Мен окуучуларымдын ар бир ийгилигине сүйүнөм.

Кыргызстандын чемпиондугуна, эл аралык мелдештерге катышып, жеңип келебиз деген ниеттерибиз бар», - деп кошумчалады.

Ал жалпы ата-энелерге балдарын спорт менен машыктырууну сунуштайт. Спорт баланы чыдамкайлыкка тарбиялайт деп эсептейт.

«Спорт мүнөздү тарбиялайт. Балдарын спорт же бий менен машыктырууну ойлонуп турган ата-энелерге спортко баргыла деп кеңеш айтам. Спорт күрөшкөндү, жеңгенди, жеңилгенди үйрөтөт, чыдамкайлуулукка тарбиялайт. Анын жыйынтыгында баланын жашоосунда кыйынчылыктар туш келсе да, ал аны оңой жеңип чыга алат», - деди Айнура Шаршембиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×