Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 06.08.2018 18:06 Жаңыланды: 06.08.2018 18:42 На русском

Ленин чокусунун 90 жылдыгы: 500 адамдын катышуусундагы фестивалдан видеорепортаж

Turmush -  Борбордук Азияда эң бийик чокулардын катарына кошулган Ленин чокусу багынтылганынын 90 жылдык мааракесине карата жергиликтүү бийлик фестиваль уюштурушту. Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, 500дөн ашуун адам чогулган фестивалды жергиликтүү таланттар коштоп, келген конокторго майрамдык маанай тартуулашты.

Ленин чокусу Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан. Алгачкы жолу немис альпинисттер багынткандан бери быйыл 90 жыл болду. Мааракенин урматына уюштурулган фестивалда 7 жаштагы баладан тартып 70 жаштагы аксакалга чейин майрамдык мааанайда жүргөнүн көрүүгө болот. 500дөн ашуун адамдын арасынан Чоң-Алайдагы бийик чокуга канаатташ жайгашкан тоолорун, жашыл чөпкө чулганган кенен талаасын көрүүгө келген туристтер да бар.

Россиянын борборунан келген Мария Соболева өз үйүндө жүргөндөй сезип жатканын айтты.

«Биз бул саякатыбызды тааныштарыбызга сыймыктануу менен айтып беребиз. Эл абдан меймандос экен. Биз Оштогу аэропортко келип түшкөнүбүздө эле бир укмуш жылуулукту, меймандостукту сездик. Биз Ленин чокусуна чыга алган жокпуз. Буйруп калса кийинки келгенде чокуга чыгууга аракет кылабыз. Арабызда Ленин чокусуна чейинки биринчи лагерге баргандар бар. Биз кайра өлкөбүзгө кайтып барганда тааныштарыбызга дүйнөгө саякат кылууга коркпогула, бул жактагы жылуулукту көргүлө деп айтабыз. Анткени биз мурунку союздун өлкөлөрүбүз, биз баарыбыз бир элбиз», - деди М.Соболева.

Уюштуруучулар келген коноктор даам татышы үчүн бир нече боз үйлөрдү тигип, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн түркүн эмгегин көргөзмөгө коюшкан. Анда кийизден жасалган буюмдар туристтердин көңүлүн өзүнө бурду. Көп эл чогулганда жасаган буюмдарын сатыкка чыгарган Жумагүл Ибраимованын эмгектери туристтер тарабынан өзгөчө кабыл алынды.

«Менин буюмдарым меринос тукумундагы койдун жүнүнөн жасалгандыктан жүндү Бишкектен сатып алабыз. Эмгектеримдин эң арзаны 80 сом болсо, эң кымбаты 1000 сомдон ашат. Жүндөн жасалган буюмдарга талап күч. Айрыкча туристтер жүндөн жасалган буюмдарды өзгөчө баалашат», - деди Ж.Ибраимов.

Фестивалдын алгачкы көз ирмемдери кыргыз элинин көчмөн жашоосун даңазалоо менен башталды. Чогулган элдин арасынан тандалма күлүк минип көч башында бараткан аксакалды, кербендерди артып бараткан 18 жаштагы жигиттерди, түмөндөп кой айдаган адамдарды көрүүгө болот. Ага улай эле элечек кийген энелердин көчтү улап баратканы көзгө урунат.

Райондун акими Жумадыл Жапаровдун айтымында, муну менен туристтерге кыргыз эли көчмөн калк экенин жана алар ар дайым бийик тоолорду мекендегенин билдирүүгө болот. Ушул сыяктуу фестивалдарды өткөрүү менен чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанга болгон сапарын арттырууга мүмкүн.

«Акыркы 6 айдын жыйынтыгын алсак районго 34 млн сом инвестиция тартылды. Анан калса биздин районго келген туристтердин саны да абдан өсүүдө. Эзелтеден кыргыз эли көчмөн жашоодо жашаганын жана кыргыздар жасаган буюмдарды келген конокторго көрсөтүү, дүйнө жүзүндө сейрек болгон чокулардын бири тууралуу туристтерге кененирээк маалымат берүү максатында фестиваль уюштурулуп жатат», - деди Ж.Жапаров.

Ленин чокусуна барган альпинисттерди тейлеген фирманын директорунун айтымында, чокуга жылына 2 миңден ашуун альпинисттер жана туристтер келет. Ленин чокусу деңиз деңгээлинен 7134 метр бийиктикте жайгашкан. Ал Борбордук Азиядагы Памир тоо системасындагы эң бийик чогулардын бири болуп саналат.

Аталган чокуга алгачкы жолу 1928-жылы немис альпинисттери Карл Вин, Ойген Алльвайн, Эрвин Шнайдерлер чыккан. Чоку алгачкы жолу 1871-жылы илимий адабиятка жазылган. Ага орус географы жана саякатчысы Алейсей Федченко Түркестан аймагынын ошондогу генерал-губернатору Костантин Кауфмандын ысымын ыйгарган. Алгач Кауфман чокусу болуп аталып жүргөн чокуга совет бийлиги орногондон кийин В.И.Лениндин ысымы берилген.

Ал эми 2017-жылдын 26-октябрында экс-президент Алмазбек Атамбаев Ленин чокусун Манас чокусу кылып өзгөртүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду