Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 06.08.2018 10:45

Ленин чокусунда дагы 2 адам көз жумду

Turmush -  Чоң-Алай районунун аймагындагы Ленин чокусунда 2 адам көз жумду.

Альпинист жана туристтер менен иштеген «Чоң-Алай турист» фирмасынын жетекчиси Өмүрбек Алпаизовдун айтымында, биринчи кырсык 6180 метр бийиктикте болгон. Ал жерде швейцариялык альпинист тоңуп каза болду.

Ошол эле чокуга жакын альпинисттердин 2-лагери менен 3-лагеринин ортосундагы жаракага гид түшүп кеткен. Азырынча алардын кайсыл күнү көз жумганы белгилүү эмес.

«Чокунун 6180 метр бийиктигинде тоңуп каза болгон альпинист швейцариялык экени айтылып жаткан. Анын так ошол өлкөдөн экенин билбейм. Бирок бул жердеги альпинисттердин айтымында, ал щвейцариялык экен. Ал эми 2-лагер менен 3-лагердин ортосунда жаракага түшүп кетип каза болгон гид боюнча толук маалыматым жок. Болгону бул экөөнүн каза болгону боюнча 4-5 күн мурун уктум», - деди Ө.Алпаизов.

Буга чейин кыргызстандык альпинист Семен Дворниченко менен Москва шаарынан келген Наталья Чионова аталган чокудан түшүп келе жатканда кар көчкүнүн алдында калып каза болгон болчу.

Семен Дворниченко (1)

Наталья Чионова (1)

Наталья Чионова (2)

Ленин Чокусу Памир кырка тоолорундагы эң бийик чокулардан болуп саналат. Анын бийиктиги 7134 метрге жетет. Чокуга алгачкы жолу 1928-жылы немис альпинисттер чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×