Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 06.08.2018 14:19

Кара-Кулжада «ГАЗ-53» унаасы оодарылып кетип, 2 адам каза болду (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагынын Ак-Кыя айылындагы жол кырсыктан 50 жаштагы айдоочу менен 20 жаштагы жүргүнчү каза болду. Окуя 3-августта саат 11:30да болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, аталган райондун 1967-жылы туулган тургуну С.Т. «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү унааны башкара албай, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаадагы 20 жаштагы М. уулу Н. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочу алган жаракаттын кесепетинен ооруканада көз жумду.

Жол кырсык фактысы боюна Кара-Кулжа РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×