Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу 07.08.2018 08:48 Жаңыланды: 07.08.2018 11:01 На русском

Видео, сүрөт — 70 жаштагы Мамыт Ташматов Өзбекстанды кыдырып чыккан велосипеди менен Меккеге барууга даяр

Turmush -  Ош шаарынын 70 жаштагы тургуну Мамыт Ташматов велосипед менен Өзбекстанга барып, саякаттап келди. Анын коңшу өлкөгө болгон сапарынын максаты эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бекемделишине салым кошуу болчу.

Алгач Бишкек шаарынан Ош шаарына сапар тартып, андан Андижан облусу аркылуу Өзбекстандын облус жана шаарларын түрө кыдырган Таштанов узак сапары, балалык чагы жана келечектеги ой-максаттары тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Мамыт Ташматов Чоң-Алай районунан болот. Жаштайынан эле велосипедге жана спортко шыктуу келген каарманыбыз ушул жашка чейин велосипед менен эки жолу гана узак сапарга чыккан. Биринчисинде 300 км аралыкта жүрүп, Ош шаарынан Чоң-Алай районуна чейин барды.

«Америкадан алынган велосипедим бар эле. Аны менен Ош шаарынан 300 км алыстагы Чоң-Алай районуна барып келгем. Ал велосипед мага бир аз ыңгайсыз болду. Кичине кезимден эле спорттук оюндарга шыктуу болчумун. Кээ бир досторум велосипед тепкенди билчү да эмес. Мен болсо велосипед минип, каналдардан секиртип ойногон күндөрүм да болгон», - деди ал.

70 жаштагы Мамыт ата велосипедди 1,5 жылдан бери күн сайын тебет.

«Велосипед менен күн сайын 15-20 км жол жүрөм. Мындай адатты 1,5 жыл мурун баштагам. Күнүнө 100 км жол жүргөн күндөрүм болгон. Ал эми Өзбекстандагы саякатта ошончо жүрчүмүн. Күнүнө андан да көп жол жүрсөң болчудай окшойт. Коңшу мамлекет ысык болуп, күнүнө 100 км гана жол жүрүп калгам», - деп кошумчалады.

Ал Өзбекстанга болгон сапарында эмнелерге күбө болгонун да айтып берди.

«Өзбекстанга болгон сапарымды Бишкек шаарынан баштадым. Андан 6 күн дегенде Ошко келдим. Оштон «Достук» чек ара өтмөгү аркылуу Андижан облусуна өттүм. Ал жактан менин абдан жогорку деңгээлде тосуп алышты. Андижандан кийин алар мени Фергана жана Маргалаңга узатышты. Ал жактан Коконго карай бет алдым. Кокондо Кудаяр хандын резиденциясына барып, шаарды бир аз айланып, эртеси жолго чыгып, 2-3 күн дегенде Гүлистан облусуна жетип бардым. Гүлистан аркылуу Жизак шаарына жеттим. Жизакта Мирзиёев оңдоп койгон Манас айылына бардым. Ал жакта мени абдан жакшы күтүп алышып, концерттик программаларды тартуулашты. Андан ары Самарканд шаарына барып, маркум президент Ислам Каримовго куран окуп, андан ары 4 күндө Ташкент шаарына жеттим. Ал жактан өзүбүздүн элчи тосуп алып, 2-3 күн дем алуу керектигин айтты.

Ташкентте жакшылап эс алгандан кийин автобус менен Бишкекке келдим. Бишкектен велосипед менен кайра Ошко келдим», - деди М.Таштанов.

Ал тиешелүү министрлик виза маселесин чечип, Муфтият квота берсе Мекке шаарына велосипед менен жолго чыгууга даяр экенин да кошумчалады.

«Эми алдыдагы планым – тиешелүүлөрдөн жардам келип калса Мекке шаарына велосипед менен барып зыярат кылып келүү. Гиннестин Рекорддор китебине жазылууга аракет кылып көрөм. Ушул жашымда Меккеге велосипед менен барсам, балким ал китепке ысымым жазылып калар», - деди ал.

Ошондой эле жакынкы арада 65 жаштан жогорку курактагылар арасында өтүүчү велосипед тебүү боюнча Азия чемпионатына да катышуу ниети бар.

«5-сентябрда Ташкент шаарында 65 жаштан жогорку курактагылар арасында велосипед жарышы болот экен. Ташкентке барганда ошол мелдешке катышып кетиңиз деп чакырышты эле. Азыр пенсия менен гана жашап жүрөм. Пенсия менен ал жакка катышып келгенге болбойт экен. Мындан улам спорт комитет колдоо көрсөтүп койсо жакшы болоор эле», - деди Мамыт Таштанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×