Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынан өспүрүм баланын денеси табылды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычында изделип жаткан өспүрүм баланын денеси табылды, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. Ал сууга кечээ, 5-августта саат 18:30 чамасында чөгүп кеткен.

Б. уулу Д. сууга чөккөндөн кийин аны издөө иштерине ӨКМдин №53 өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар жөнөтүлүп, бирок натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 6-август күнү издөө иштери улантылып, денени саат 15:25те таап чыгышты. Маркумдун денеси туугандарына берилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 644
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×