Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 06.08.2018 23:42

«Мекендештер»: Россияда иштеген мушкер А.Шамирзаев каршылаштарын сулата чаап, спортто ийгиликтерди жаратууда (сүрөт)

Turmush -  24 жаштагы кара-суулук мушкер Алишер Шамирзаев Россиядагы мелдештерден калбай катышып келет. Ал эрежесиз эр мушташта каршылаштарын мөөнөтүнөн мурда сулата чаап, бир топ алдыңкы орундарга илинген.

«Мен К.Жантөшев атындагы №95 орто мектебин 2012-жылы аяктап, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшыргам. Аны 2017-жылы ийгиликтүү аяктап алдым. Негизи кичинекей кезимен эле жеӊил атлетика жана бокс, самбого кызыгып жүрчүмүн. 2013-жылы Москва шаарына иштегени келип, бул жакта да спортту таштаган жокмун. Тескерисинче аны өнүктүрүп, Россияда өткөн ар бир мелдешти калтырбастан баарына катышып келе жатам. Учурда спорттун грэпплинг түрү менен машыгуудамын. 2016-жылдан бери грэпплингден машыктыруучум Алтынбек Абдырайымов машыктырып келе жатат. Акыркы жылдары өзүм да окуучуларды машыктыра баштадым. Алар эми гана мелдештерге катыша башташты.

Жетишкен ийгиликтерим буюрса көп. Москвада болуп өткөн мелдештерде 6-7 жолу 1-орундарга жетиштим. Эрежесиз эр мушташка чыгып, атаандаштарымды мөөнөтүнөн мурда утуп жаттым. Ошентип бир топ медаль, кубоктун ээси болдум», - деди ал.

Алишер келечекте Кыргызстандын атын дүйнөгө дүӊгүрөткүсү келет.

«Келечекте максаттарым абдан көп. Ушул спорт боюнча машыктыруучу болуп, өзүмдүн айылыман, районуман келген мыкты спортчуларды дүйнөлүк мелдештерге чыгарсам дейм. Өзүм да спортто көптөгөн ийгиликтерди жаратып, Кыргызстандын атын алыска таанытсам деген үмүт-тилегим бар», - деди ал.

Алишер Шамирзаев 1994-жылы 2-августта Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусумун. Менден улуу эжем жана менден кийинки иним бар. Атам Касымалы Жантөшев атындагы №95 орто мектебинде мугалим болуп иштейт. Апам болсо үй кожойкеси», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×