Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуНоокат району 07.08.2018 12:35 Жаңыланды: 07.08.2018 13:05 На русском

Өз апасы менен агасынан ажал тапкан ноокаттык кыздын өлүмү

Turmush -  2018-жылдын 2-июлунда Ноокат районунда өзгөчө оор кылмыш катталган. Каналдагы суудан 22 жаштагы кыздын денеси табылып, андан көп узабай анын өз апасы менен агасы колу-бутун байлап, сууга ыргыткан деген шек менен кармалган болчу. Алгачкы версиялар боюнча бул оор кылмышка маркум кыз никесиз көз жарганы негизги себеп болгону айтылган.

Turmush басылмасынын кабарчысы маркум кыздын айылына барып, оор кылмышка ишене албай турган жакын туугандары менен кошуналарынын да пикирлерин угуп кайтты. Жаңы-Ноокат айылына бара жаткан жолдо жүргүнчүлөр — жергиликтүү жашоочулардын айрымдары жырткыч да өз баласын тирүү сууга ыргытпайт дешсе, кээ бирлери маркум кыз психикалык жактан жабыркап, апасын көп кыйнаганын айтышты.

Алгач айыл өкмөт башчынын орун басары Махамадаали Хайдаралиев менен жолугушуп, анын пикирин уктук. Шектүү аял эч качан “кызым психикалык жактан ооруп жатат" деп арызданган эмес деген орун басар бул тууралуу эл оозунан угуп, бирок өзүнөн сурагандан тартынган.

«Менталитетти, динди катуу кармаган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын 80 пайызы өзбек улутундагылар болсо, 20 пайызын кыргыздар түзөт. Айылыбызда буга чейин мындай окуя такыр катталган эмес. 30 миң калк болгону менен баары бири-бирин тааныйт. Кыздын үй-бүлөсү билимдүү адамдар. Атасы Ферганадан жогорку билим алып, кызыл диплом менен аяктаган. Апасы башталгыч класстарга сабак берип жүргөн, окуучулары да билимдүү дешет. Каза болгон кыз да лицейди жакшы бүтүрүп, Кызыл-Кыя педагогикалык колледжине бюджеттик негизде өткөн. Ошол жакта окуп жүргөндө психикалык жактан жабыркап, угушумча ээн үйлөрдө түнөп, качып кетип жүргөн. Айылдын балдары кармап келишчү эле», - деди Хайдаралиев.

Маркум кыздын өзүнүн атасы жаназага да катышпай качып кетти деген сөздөр да айтылган. Мунун чын-төгүнүн тактоо үчүн кыздын атасы О.А. эмгектенип жаткан кыш заводго да бардык. Ал кызын акыл-эстүү болчу деп эскерди.

Бирок көп сүйлөбөгөн адамдай таасир калтырган ата суроолордун көпчүлүгүн жоопсуз калтырды. Ал эми кыш заводдун жетекчиси жабыркап турган атанын жүрөгүн оорутпоону суранып, ал кызын өтө жакшы көргөнүн белгиледи.

«Мен кыш заводдо жатып иштейм. Айлыгымды алган күнү аялым келип, акчаны алып кетет. Мен үйгө бир айда бир жолу барам. Кызым апасы менен урушканда мага байланышка чыкчу эле. Окуусун таштап койгондо апасы катуу урушканын гана билем. Ооруганын айтышкан, мен өзүңөр эмнени туура деп эсептесеңер ошону кылгыла дегем. Психикалык жактан ооруганын сезбедим, төрөгөнүн да каза болгон соң уктум. Аялым менен балама жаза беришин каалабайм. Себеби, үй бош калды. Эгин, малдарды караш керек...», - деп, андан ары ыйлап сүйлөй албай калды.

Бул учурда аны жетекчиси жумушуна жөнөтүп, өзү кыскача маалымат берди.

«Бул аке өтө намыскөй, тырышчаак. Үй-бүлөм дегенде тытынып иштейт. Аялынын уруш, жаңжалынан качып, үйүнө да барбайт», - деди.

Ал эми маркум кыздын таенесинин үйүнө барганыбызда жашы 70ке чыгып калган апа менен маркум кыздын таежеси эжеси ыйлап отуруптур. Таенеси: «Менин үч балам өлүп отурат. Экөө тирүү түрмөдө, бир неберем мындай шермендечилик менен өлдү», - деп сүйлөй албай койду.

Биздин суроолорго маркумдун таежеси учкай жооп кайтарды.

«Үй-бүлөнүн түйшүгүнүн баарын эжем мойнуна алган. Атасы эч нерсе менен иши жок. Тажиясында да катарга турбай, бактын аягында отурду. Эжем өзү мугалим болгондуктан жок дегенде кызымды жогорку билимдүү кылам деп акыркы акчасын берип жүрүп окутту. Кызы 1-курста 5-6 ай окуп, окуусун таштап чыгып кеткен. Ээн үйлөрдө түнөп, акча уурдап көчөдө жүрүп калган эле. Эки жолу үйүн өрттөп, түнкүсүн балдар көчөдөн кармап келип жүрүштү. Апасы аны билип калып, намыстанып урганы ырас. "Мен сени адам кылам деп жүрөм" деп ыйлаган. Кызы унчукпай кутулат эле. Акыры ичине жин кирген го деп молдолорго алып бардык. Андан да жыйынтык болбогонунан Ош облустук психикалык ооруканасына алып барып жаткырганбыз. Акыркы төрт жылда ошол жактан дарыланып жаткан», - деди таежеси.

Найман суу сактагычы

Бул үй-бүлөнүн кошунасы Курбонали Маматкаримов да көргөн-билгендерин айтып берди.

«Кыздын оорулуу экенин жакындары жашырышканбы, айтор биз билген эмеспиз. Көчөдөн жакшынакай эле өтүп калчу. Бир жолу апасы менен эжеси эки колунан кармап, унаага отургузуп алып кетишкенде ооруйт окшойт деп ойлоп койгом. Кийин көчөдөгү балдар ал кызды ээн калган үйлөрдөн кармап келип, үйүнө жеткирип жатканын айтышты. Каза болоордон 7 ай мурда Ноокат паркынан эс-учун жоготкон абалда табышкан. Ошол убакта 6 айлык боюнда болгон. Апасы психикалык ооруканага таштап кайткан. Андан 3 айдан кийин төрөгөндө апасы баланы эмне кылганын биз билген жокпуз. Ал кыз үч айдан соң айылга келип, баламды таап бергиле деп тополоң салган окшойт. Ошол убакта Орусиядан иштеп жаңы келген агасы бала тууралуу билген эмес. Ал намыстанып, карындашын урган», - деди кошунасы.

Мындан кийинки окуя Кызыл-Кыя шаарында уланган. Маркум кыз Р. аттуу айылдаш эжесинин үйүнө качып барып, ал жерге барган апасы менен уруша кетип, кайра качып жөнөгөн. Р. анын артынан кууп, экөө жолдо урушуп жатканда жолдо өтүп бараткан милиция кызматкерлери жолуккан. Алар маселени жөнгө салуу максатында Р. аттуу аялдын үйүнө барышып, ал жерден кызды апасы менен агасына беришкен.

Ал эми кыздын колу-буту ким тарабынан, качан байланганы белгисиз. Кыздын денеси ошол жерден 3 км алыста жайгашкан Найман каналына ыргытылган. Бирок Курбонали Маматкаримовдун пикиринде, бул окуя кокустук болгон.

«Апасынын колуна кишен салынып чыгып баратканда мен жанында элем. Ал "мен жөн гана эсине келсин деп коркутуп коёюн дегем. Каналга ыргытып жиберем, өзүңдү карма деп жатканда колумдан чыгып кетти" деди. Алар шок абалда болуп, эч кандай чара көрүшкөн эмес. Суу терең болгондуктан ал кызды кармап калуу да мүмкүн эмес эле», - дейт кошунасы.

Андан кийин кызы сууга ыргытылганын эч кимге айтпай жүрө беришкен. Кошуналары кызы тууралуу сураганда, адаттагыдай качып жүргөнүн айтышчу.

Ал эми муркум кыздын 77 жаштагы чоң атасы Осмонаали Акбаров неберемди күнөөлөбөгүлө, аны жинди, бузуку дебегиле деп ыйлады.

«Кызым жоош, түнт, ичиндегисин билдирбейт эле. Бир ирет окуу жайына кабар алганы барсам чогуу жашаган кыздар, “жашагым келбейт” деп кат жазып, чыгып кетти дешти. Аны апасы окуйсуң деп аябай урду. Жол киресин, баскан-турганын үнөмдөп жатса кызым кыйналып окубай койду го. Келиним биз менен жакшы мамиледе болбогондуктан ооруганын уккан эмеспиз. Чыркыратып жиндиканага таштап келгенин кийин уктук», - деди маркумдун чоң атасы.

Осмонаали Акбаров учурда чөбөрөсүн (маркум кыздын ымыркайы) издеп жатканын, үйүн ошол балага каттатып берерин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×