Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 07.08.2018 14:51 На русском

Кара-Суудагы алгачкы жер алдынан өтүүчү өтмөк пандусу жок курулуп жатат

Turmush -  Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагында жер алдынан өтүүчү өтмөк пандусу жок курулуп жатат. Буга аймактык кабарчы күбө болгон.

Ошондой эле өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев бүгүн, 7-августта кара-суулуктар менен жолугушууда райондо алгачкы жолу курулуп жаткан жер астынан өтүүчү өтмөктүн пандусу жок экенин айтып, эскертүү берди. Ал эми бул өтмөктүн курулушу 95 пайызга бүткөнүн айыл аймактын башчысы Замир Турганбаев билдирди.

«Бул өтмөк сентябрь айында пайдаланууга берилет. Тендердик баасы 28 млн сомду түзгөн. Өтмөктү «Суу транс» жоопкерчилиги чектелген коому куруп жатат. Анын пайдаланууга берилиши жол тыгынын азайтып, жол кырсыктарын алдын алат. Буга чейин бул жерде адамдар жол кырсыктардан көз жумган учурлар болгон. Өтмөктүн узундугу 22 метр болсо, туурасы 16 метрди түзөт», - деди З.Турганбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×