Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 08.08.2018 10:19

Кара-Сууда акыркы 7 айда 19 адам өмүрүнө кол салып, теңи көз жумду

Turmush -  Акыркы убакта Кара-Суу районунда адамдар сууга чөккөн фактылар көбөйүп кетти. Мындай маалыматты Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов кечээ, 7-август күнү Сарай айыл аймагында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен элдин жолугушуусунда билдирди.

«Сууга чөгүп жаш балдар каза болуп калууда. Жаш балдар эртеңки келечегибиз эмеспи. Ошондуктан ар бир ата-эненин балдары алардан уруксатысыз чыгып кеткенде жергиликтүү милицияга кайрылсаңыздар. Анткени бүгүнкү күндө түшүндүрүү иштери толук жетпей жатат. Сиздер дагы биз менен кабарлашсаңыздар. Милиция менен элдин ортосунда ажырым болбошу керек. Азыр кайсыл районго барбайлы ушул иштер боюнча түшүндүрүү иштерин жасап жатабыз.

Жыл башынан бери Кара-Суу районунан 19га жакын адам өз өмүрүнө кол салууга аракет кылды. Анын ичинен 10го жакыны каза тапты.

Кайсыл жерде социалдык маселелер болсо милицияга кабар бериңиздер, кайдыгер карабаңыздар. Ал жерде үй-бүлөлүк зомбулук болуп калышы мүмкүн. Азыркы учурда Ош облусунда Кара-Суу району экстремизм жана терроризм багыты боюнча алдыңкы орунда турабыз. Ош облусу боюнча Сирияга кеткендер жалпы 400дөн ашуун болсо, анын тең жарымы Кара-Суу районунан болуп жатат. Андыктан жалпыбыз биргеликте аракет кылалы», - деди М.Нурдинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×