Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 08.08.2018 12:52 Жаңыланды: 08.08.2018 13:13 На русском

«Ак көйнөк кий»: Оштогу жыйында бир катар жетекчилер тил угуп жатат (видео)

Turmush -  Бүгүн, 8-августта Ош шаарынын мэриясында коллегиялык жыйын өтүп жатат. Аймактык кабарчы билдиргендей, анын жүрүшүндө бир катар жетекчилер мэр Таалайбек Сарыбашовдон тил угушту.

Алардын катарында №21 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси да бар. Мэр жетекчинин бүгүнкү жыйынга ак көйнөк кийип келбегенин белгилеп, мамлекеттик кызматка, жыйынга олуттуу мамиле кылууга чакырды.

«Резиденцияга кеткен көчөгө асфальт басыпсыңар, бирок четиндеги арыктар жок. Жамгыр жааса асфальт менен суу агып жатат. Мамлекеттин акчасына күйгүлө да», - деди мэр.

Ал эми Достук аймактык кеңешинин жетекчиси жыйынга келбегени үчүн иштен алынсын деген тапшырма берди. Ошондой эле мэр Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовду да катуу сынга алды.

«Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн арасына асфальт баспапсыңар. Резиденция жакка асфальт басыпсыңар дагы, элдин маселесин карабайсыңар. Урматтуу жетекчи, баланс болушу керек да. Мамлекеттин ишканасы болгондон кийин таанышыңардын көчөсүнө асфальт баспагыла», - деди ал.

Бүгүн троллейбустар паркынын директору Мурзабек Дубанаев да тил укту.

«Шаар дагы үй-бүлөгө окшош. Кичине пайдалуураак, акча алып келе турган ишкана түзгүлө. Карызга автобус алыпсыңар, эми пайда алып келе турган иштерди жасагыла», - деди Т.Сарыбашов.

Ал эми саламаттыкты сактоо боюнча Ош шаарындагы координатор Абдилатип Шамшиевге кайрылып: «Билим берүү тармагындай эле саламаттыкты сактоо тармагында дагы коррупция күч алган. Дарыгерлер дарыканалардагы дарыларды да бизнеске айландырып алган деп айтылып жатат. Кайсыл бөлүм, кайсыл дарыгер канча акча алып келет экен деп отура бербестен иштегиле. Жарандардын дарылануусуна кошумча акча алып жатат деп айтылат. Акча тапкыңар келсе бизнес кылгыла, антип мамлекеттин, элдин акчасына кол салбагыла. Бүгүндөн тарта жакшы иштерди аткарбасаңар баарыңды иштен алам», - деди мэр.

Ошондой эле мектептердеги, бала бакчадагы коррупция боюнча да айтылып, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов эскертүү алды.

«Социалдык тармактарда шаарыбыздын билим берүү тармагы начарлап кеткени боюнча айтылып жатат. Чындыгында ошондой. Жалпы республикалык тестирлөөдөн, олимпиадалардан жакшы көрсөткүч көрсөтпөгөн мектептердин директорлорун иштен алдыңызбы?», - деди Т.Сарбашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×