Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 08.08.2018 15:00 Жаңыланды: 08.08.2018 15:42

Жалал-Абадда баалуу тыйындар табылып, алтыны 19 миң сомго сатылып кеткен (сүрөт, видео)

Turmush -  Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кызыл-Суу жана Тайгараев айылдарынын аймагында 5 даана чыны, 10 даана күмүш, 126 даана жез тыйындар жана жез шакек менен жез ачкыч табылды. Бул табылгалар учурда Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплексине өткөрүлүп жатат.

Аталган музей комплекстин директору Султан Абдрахманов учурда табылгаларды изилдөө аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

«Табылгаларды учурда "Сулайман-Тоо" музей комплексине алып келдик. Учурда аларды изилдөө аракеттери көрүлүп жатат. Бул табылгалар кайсыл кылымга таандык экени изилдөөнүн жыйынтыгы менен айтылат. Андан соң баалуу мурас катары музейге коюлат. Бирок өкүнүчтүүсү, алтын табылга сатылып кетиптир. Аны тапкан адам шаарга алып келип, 19 миң сомго гана сатып жибериптир», - деди ал.

Музей жетекчиси кошумчалагандай, табылгалардын баасын атайын археологиялык изилдөөчүлөр аныктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×