Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Нарын

Дарыгер А.Манапбаев сөөгү сынган адамга биринчи медициналык жардамды кантип көрсөтүү керектигин айтты (сүрөт)

Turmush -  «Кырсык каш-кабактын ортосунда» деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Күн сайын ар кандай кырсыктардан адамдар түрдүү жаракат алып, ал тургай өмүрү менен кош айтышат. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнүн дарыгери Айбек Манапбаев адам жаракат алган учурда тез жардамды кантип туура көрсөтүү керектигин айтып берди.

«Сыныктын ачык жана жабык түрү бар. Ачык сынык аба менен байланышып, мында булчуңдар жабыркайт. Ал эми ичинен канталап сынса жабык түрү болот. Адам бир нерсенин үстүнөн кулады деп коелу. Мында биринчи эле адамды дем алдырып, алаксытып, чалкасынан же капталынан жаткыруу керек. Оорулуу өзүнө келгенден кийин, ошол сынган жерин жыгач жана башка катуу буюм менен таңуу керек. Эгер эч нерсе такпай, ооруканага алып келсе, ого бетер оору күчөп, нервдери үзүлүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле муздак басыш керек, ал шишикти азайтат, канды токтотот, кан тамырларга спазм (булчуңдар тоңуп, натыйжада алардын жыйрылышына алып келет) берет. Эгер ачык сынык болсо таза салфетканы коюп, мүмкүнчүлүк болсо канды токтотуш керек.

Бейтап ооруканага кайрылбай жүрө берсе сынык туура эмес бүтөт, кеч кайрылганда операция да жакшы болбойт. Ошондуктан биринчи сынган сөөктү ордуна сала турган дарыгерлерге барбай, ооруканага кайрылыш керек. Себеби, сынган сөөктү ордуна сала турган дарыгерлер "чыгып кетиптир" деп эле туура эмес дарылоо жүргүзүп коюшат.

Жай мезгилинде көбүнчө чөп чаап жүргөндө арабанын, унаанын үстүнөн учуп түшкөндөр келишет. Эгер оору катуу болуп, ооруканага жете албай жатса, ооруну басаңдатуучу дарыны ичип алса болот», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1207
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×