Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 09.08.2018 13:20

Ошто Мамлекеттик салык кызматынын борбору ачылды

Turmush -  Ош шаарында бүгүн, 9-августтан тарта Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөрдү бирдиктүү терезе принциби боюнча тейлөөчү борбор кызмат көрсөтүп баштады. Бул борбор ишкерлерге жана калкка салык төлөөнү жеңилдетүү үчүн ачылды. Эми салык төлөөчүлөр бир жерде тейленип, башка имараттарга каттоо зарылчылыгы болбойт.

«Бирдиктүү терезе принцибин киргизүү — замандын талабы. Мындай борборлорду республика боюнча ачып жатабыз», - деп белгиледи Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров.

Борбордун ачылышына Ош шаарынын мэриясынын өкүлү, салык төлөө башкармалыгынын башчысы Эрмекбай Чоюнов жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров катышты. Ал эми борбордун имаратын уюштурууга жалпы 846 миң сом каражат сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×