Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Суу сактагычтан 10 килограммдык балык кармаган браконьерлер колго түшүрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айыл аймагындагы суу сактагычта балык кармап жүргөн браконьерлер колго түшүрүлдү.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Кара-Суу райондук аймактар аралык башкармалыгынан билдиришкендей, инспекциянын кызматкерлери суу сактагычта текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын алкагында 2 броконьер 4 даана сом балыгы менен кармалды. Алардын ар биринин салмагы 9,7 кг болгон.

Буга байланыштуу материалдар топтолуп, иш сотко берилген. Ал эми 1 балык үчүн 505 сом айып пул салынат, деп кошумчалашты инспекциянын адистери.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1018
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×