Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 09.08.2018 15:38 Жаңыланды: 09.08.2018 16:38 На русском

Ар бир кесип ардактуу: Тажикан Раева 25 жылдан бери уйгур лагманын жасайт

Turmush -  Күчтү, эпчилдикти талап кылган ашпозчулук кесипти тандаган Тажикан Раева 25 жылдан бери лагман чоюп, Ош шаарындагы кафелердин биринде эмгектенет. 55 жаштагы ашпозчу 4 уулдун энеси.

Жумушка кардарларды тейлөөчү болуп келип, ашпозчулукка жеттим деген Тажикан Раева турмушка чыкканга чейин эле кафелерде иштечү.

«Кыз кезимде эле тамактын түрүн жасаганга кызыкчу элем. Бул кафеге тейлөөчү болуп кирип, лагман чойгонго кызыгып калдым. Ашпозчунун жанында туруп эле үйрөнүп алгам. Лагман чойгонго да эп керек. Көнүп калган үчүнбү колум талыбайт, бирок кечке тикемден турганга буттарым ооруп калат. Өзүм үч келиндүү болдум, бири да лагман чойгонду билчү эмес. Үйдө да көп лагман жасап, аларга үйрөтүп койдум. Конок тоскондо аштын ордуна лагман жасап берем», - деди ашпозчу.

Ал жумуштан кийин кесиптештери менен башка кафе-ресторандарга барып, башка ашпозчулардын лагманына баа беришет.

«Жумушубузда буйрутма болгондо гана шашып иштейбиз. Жайында кечкисин үй-бүлөлүүлөр, кош бойлуу келиндер келип лагман жеп кетишет. Жасаган тамагым кардарларга жакса кубанып калам. Жумуштан соң кесиптештерим менен кафе-ресторандарга барып, лагмандан башка тамакка буйрутма кылабыз. Кээде атайын лагман алып, өзүбүздүн жасаганыбыз менен салыштырып калабыз. Бирок жумуш учурунда канча лагман жесек да танбайбыз», - деди Т.Раева.

Анын айтымында, уйгур лагманында камыр көп салынып, шорпосу аз болот. Ал эми ашпозчу башка ашканаларга кызыкпайт. Айрым учурда интернеттен салат жасап, лагманды кооздоонун сырларын үйрөнүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×