Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Баракелде

Зордуктоо менен уурулукка шектелген кыргызстандык жаран Москвада жашынып жүргөн

Turmush -  Кыргызстандын 61 жаштагы жараны Б.у.Өмүрбек Россиядан мекенине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Москванын прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган кишиге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин уурулук жана зордуктоо беренелери менен кылмыш иши козголуп, 2015-жылы Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөө жарыяланган.

Өмүрбек 2014-жылы Кыргызстандан башка бирөөлөр менен алдын ала келишим түзүп, аял кишиге кол салып, ага тиешелүү мүлктү жана 16 миң өлчөмүндөгү каражатты тартып алган. Андан соң, физикалык күч колдонуп жабырлануучуну зордуктаган.

2017-жылы декабрда эл аралык издөөдө жүргөн Өмүрбек укук коргоо органдары тарабынан Москва шаарынын Түндүк-Чыгыш административдик аймагынан кармалган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 959
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×