Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусу, Ош 10.08.2018 09:07

Ош шаарындагы салык төлөөчүлөр электрондук кызматты пайдаланып башташты

Turmush -  Мындан ары Ош шаарындагы салык төлөөчүлөр электрондук кызматты пайдалана алышат. Шаардык салык кызматынын атайын режим боюнча нускоочусу Алмаз Абылкасымов билдиргендей, учурда 55 адам электрондук негизде салык төлөөгө катталды.

«Бул ыкма коррупцияны түп тамыры менен жок кылат. Себеби салык төлөөчү менен салык кызматкеринин ортосунда эч кандай байланыш болбойт. Мындан сырткары капчыгында каражат болсо үйүндө жатып эле телефон аркылуу салык төлөй берсе болот. Ал үчүн салык кызматкерлеринен катталган ысым менен сыр сөз (логин, пароль) алып, андан соң банкка барып эсеп ачтырат. Андан кийин салыкты каалаган учурда, каалаган жерден төлөй берет. Учурда 55 адам катталып, электрондук негизде салык төлөй баштады. Адамдар технологияны жакшылап өздөштүрсө бизге дагы, салык төлөөчүгө дагы ыңгайлуу болот», - деди ал.

Учурда Ош шаарында электрондук негизде салык төлөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×